АКШ дагы бир танкерди кармады: болжол менен Орусиянын "кара флотуна" байланышы бар

АКШнын аскерлери Кариб деңизинде Veronica аттуу танкерди кармашты. Бул тууралуу 15-январда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк командачылыгы X социалдык тармагында кабарлады.
Маалыматка ылайык, операцияны Түштүк Найза бириккен оперативдүү тобунун деңиз пехотасы жана флот күчтөрү жүргүзгөн. Ал эми Ички коопсуздук министрлиги колдоо көрсөткөн.
Командачылык билдиргендей, Veronica танкери АКШнын санкцияларын бузган мунай ташуучу кемелердин бири болуп эсептелет. Бул операциянын алкагында жакында Венесуэла менен байланыштуу алты танкер кармалган.
АКШ расмий түрдө танкердин ээси, катталган өлкөсү жана жүктүн жеткирүү пункту тууралуу маалымат берген жок. Бирок РИА Новостинин маалыматтарына караганда, акыркы жолу кеме Аруба жээгинде Гайана желеги менен катталган.
Дагы бир булак билдиргендей, танкердин ээси орусиялык “Буревестмарин” компаниясы болушу мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















