super.kg logo

ЕАЭБ чек араларында мыйзамсыз товар ташууга каршы чаралар күчөтүлдү (видео)

 
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу 16-январда Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айып пулдардын өлчөмү жеке жактар үчүн 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 28 миң сомдон 65 миң сомго чейин жогорулатылды. Ал эми жыл ичинде мыйзам бузуу кайталанган учурда айып пулдардын өлчөмү жеке жактар үчүн 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомдон 100 миң сомго чейин көтөрүлөт.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилди. Ошондой эле мыйзамсыз өткөрүлгөн товарларды конфискациялоо каралган. Акыркы мезгилде "Ак-Жол" товарларды эсепке алуу пункту аркылуу көзөмөлдү айланып өтүү максатында жеңил унаалар менен документтери жок товарларды алып кирүү аракеттери көбөйдү.
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү мыйзамдарды так сактоого чакырат.





ЕАЭБ чек араларында мыйзамсыз товар ташууга каршы чаралар күчөтүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: