super.kg logo

Трамп Газа тилкеси үчүн Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн жарыялады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондун планына ылайык, Газа тилкесин кайра курууга жетекчилик кыла турган Тынчтык кеңешинин түзүлгөнүн жарыялады.

"Тынчтык кеңешинин түзүлгөнүн жарыялоо мен үчүн чоң сыймык. Мүчөлүк жакында жарыяланат. Мен бул эң улуу жана эң абройлуу кеңеш деп ишенимдүү түрдө айта алам",- деп жазган америкалык лидер Truth Social социалдык тармагында.

Буга чейин The Telegraph гезити маалымат булактарга шилтеме берип, Трамп Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармерге жана башка бир нече союздаш өлкөлөрдүн лидерлерине Газа тилкесин башкара турган Тынчтык кеңешиндеги орундарды сунушташы мүмкүн экенин билдирген.

Басылманын маалыматы боюнча, Улуу Британиянын, Германиянын, Франциянын, Италиянын, Сауд Арабиясынын, Катардын, Египеттин жана Түркиянын лидерлери жакынкы күндөрү кеңешке кошулушу күтүлүүдө.

2025-жылдын 9-октябрынын түнүндө АКШнын президенти Израил жана ХАМАС бийликтери Вашингтондун Газа жаңжалын чечүү боюнча сунушталган планынын биринчи этабына макул болгонун жарыялаган. Палестиналык туткундардын ордуна израилдик барымтадагыларды бошотуу жана израилдик аскерлердин жарым-жартылай чыгарылышы пландын биринчи этабын түзгөн.

Экинчи этап Газаны согуштан кийинки башкарууга жана бул үчүн зарыл болгон механизмдерди түзүүгө тиешелүү.

Өткөн жылы ноябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын планын колдогон жана анын экинчи этабын алдыга жылдырган резолюция кабыл алган, анда ХАМАСты куралсыздандыруу жана израилдик аскерлерди Газа тилкесинен чыгаруу талап кылынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: