"Эмне үчүн биздин товарларга чектөө кирип жатат?" Депутат Салымбеков ЕАЭБ боюнча суроо койду
Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жыйынында депутат Жумабек Салымбеков өлкө эмне үчүн Евразия экономикалык биримдигине киргенине кызыкты.
Ал биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда товар жүгүрдүү ээн-эркин жүрбөй жатканын айтып, "эмне үчүн биздин товарларга чектөө кирип жатат?" деген суроо койду.
Буга экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов: "Кыргызстандан кетип жаткан товар кошумча нарк салыгы жок кетет, ал эми Орусияга кирип жатканда импорттук КНС деген төлөнүшү керек. Орусиядан келген товарды да биз ошентип тосуп алабыз. Ошондо алар импорттук КНСти бизге төлөйт. Ошол кошумча нарк салыгы төлөнбөй келген учурлар бар. Ошондуктан Орусия өзүнүн көзөмөлүн күчөттү", - деп жооп берди.
Алыкулов ошондой эле Кыргызстандан барган товарларда алуучу да так көрсөтүлбөй жатканын жана Орусияга Кыргызстанда өндүрүлгөн делип Кытайдын товарлары дагы кирип жатканы себептердин бири экенин айтты.
"Эмне үчүн биздин товарларга чектөө кирип жатат?" Депутат Салымбеков ЕАЭБ боюнча суроо койду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















