super.kg logo

680 сомдон ашпашы керек... Бишкек шаарында эт азыктарынын баасын көзөмөлдөө күчөтүлдү

 

Бишкек шаарында калкка зарыл азык-түлүк товарларына, анын ичинде уй жана кой этине бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Экономика жана коммерция министрлигинин 7-августтагы буйругуна ылайык, сөөктүү уй жана кой этине убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Свердлов, Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондук администрациялары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Ветеринардык кызмат, салык органдары жана башка тиешелүү мекемелер менен биргеликте базарларда жана соода түйүндөрүндө рейддик жана көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Текшерүүлөр “Ош базары", “Орто-Сай”, “Аламүдүн”, “Дордой”, “Азиз” базарларында, ошондой эле “Глобус” жана “Азия” соода түйүндөрүндө жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында сатуучуларга эт азыктарынын баасын негизсиз көтөрбөшү жана белгиленген бааларды так сактоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө уй жана кой этинин бир килограммы үчүн баасы 680 сомдон жогору болбошу керектиги эскертилүүдө.

Калк үчүн кыйынчылык жаратпаган баада эт сатуу максатында ортомчусуз соода жүргүзүүгө атайын соода орундарын уюштуруу жана кошумча сатуу түйүндөрүн ачуу пландалууда.

Белгилей кетсек, "Ош базарындагы" эт саткан соода түйүндөрү “Алтын-Така” мал базарына көчүрүлгөн. Жаңы ачылган "Чүйгүн" эт павильону райондун тургундарын этти дүңүнөн да, чекене да сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууда.

Учурдагы баалар:

  • Кой эти — 640–680 сом

  • Уй эти — 640–680 сом

  • Жылкы эти — 540–560 сом

2026-жылдын 14-январынан тартып "Ош базарында" эт продукциясын дүңүнөн сатуу токтотулган. “Алтын-Така” базарында санитардык жана ветеринардык талаптарга жооп берген “Чүйгүн” эт павильону ишке кирди. Мындан тышкары “Таза адал эт” чекене павильону жарандарга сапаттуу жана коопсуз эт азыктарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: