АКШ жакында Иранга сокку урушу мүмкүн
Израилдин расмий өкүлдөрү АКШ жакынкы күндөрү Иранга сокку урушу мүмкүн деп эсептешет. Бул тууралуу Axios маалымат порталы булактарына шилтеме берип жазып чыкты.
Булактар Вашингтондун учурдагы планына Израил тарап жетишсиз деп эсептеген Ирандын коопсуздук объектилерине кол салуулар киргенин белгилешкен. Америкалык расмий өкүлдөр өз кезегинде Иран демонстранттарды өлтүрүүнү кайра баштаса, аскердик кийлигишүү мүмкүнчүлүгү сакталып кала берерин белгилешти.
Axios америкалык булактарга шилтеме берип, АКШнын президенти Дональд Трамп сокку урууга буйрук берген учурда АКШ Жакынкы Чыгышта чабуулчу жана коргонуучу куралдарды топтой баштаганын жазат. USS Abraham Lincoln авианосецинин сокку уруу тобу кошумча абадан коргонуу системалары, согуштук учактар жана, балким, суу астында жүрүүчү кемелер менен бирге аймакка жайгаштырылууда.
France-Presse агенттиги мурда Сауд Арабиясы, Катар жана Оман Трампты Иранга кол салбоого көндүрүүгө аракет кылышканын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















