"Кыргыздар бизди басып кетти". Темир Сариев тигүү тармагы коңшулардан алдыда деген пикирде
Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жыйынында соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өлкөдө тигүү тармагы өнүккөнүн белгилеп, жаңы баскычка көтөрүлүү керектигин айтты.
"Мен деле Өзбекстанга, Казакстанга барам, ишкерлер менен сүйлөшөм, алар ыйлап жатышат, өздөрүнүн өкмөтүнө даттанып жатышат, "ай, кыргыздар бизди басып кетти, кыргыздардан биз калып жатабыз" дешүүдө. Мен Орусиянын сатып алуучулары менен сүйлөшөм, "силердин тигүүчүлөрүңөрдүн деңгээли Өзбекстандан 3-5 эсе өйдө", - дейт. "Силер тиккен кийимдердин сапаты европалык стандартка жетип калган" дейт", - деди ал.
Сариев эми кымбат кийимерди тигүүгө өтүш керектигин кошумчалады.
Мунун алдын отурумда өлкө тигүү тармагы боюнча Өзбекстандан артта калып жатат деген пикирлер айтылды.
"Кыргыздар бизди басып кетти". Темир Сариев тигүү тармагы алдыда деген пикирде
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















