Темир Сариев ЕАЭБ боюнча айтылып жаткан кептерге жооп берди
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сарив өлкө Евразия экономикалык биримдиги боюнча айтылып жаткан кептерге жооп берди.
Ал Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жыйынында ЕАЭБ боюнча туура эмес маалыматтарды айтып жаткандар бар экенин белгиледи.
"Негизи биздин сатуу базарыбыз Орусия болуп жатпайбы. Ошон үчүн буларга биз кылдат мамиле кылышыбыз керек. Эми Орусияда согуш болуп жатат. Алардын бюджети абдан ылдый түштү. Ошон үчүн мурун көз жумуп жаткан багыттарга катуу тартип киргизди. Мурун кошумча нарк салыгын алышчу эмес", - деди Сариев.
Соода-өнөр жай палатасынын президенти ошондой эле документтер туура болсо товарлар Орусияга жеңил кирерин айтты.
Мунун алдын депутат Жумабек Салымбеков өлкө Евразия экономикалык биримдигине киргенин менен, товар жүгүртүү ээн-эркин болбой жатканын айткан.
Темир Сариев ЕАБ боюнча айтылып жаткан кептерге жооп берди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















