Бишкекте окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынды
Бишкек шаардык мэриясы №87 орто мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынып, директорго тартиптик жаза колдонулганын билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мектепте орун алган окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн. Анда "Балдар жөнүндө" кодексинин, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын, "Жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө" типтүү жобонун, ошондой эле педагогикалык кесиптик этиканын нормалары сакталган эмес деген тыянак чыгарылган. Маалыматта мыйзам бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарына шек келтиргени кошумчаланат.
Буга чейин социалдык тармактарда окуучунун уруп, сабак үйрөтүп жаткан мугалимдин видеосу тараган. Ал эми Агартуу министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайлары аныкталарын билдирген. Мугалим кыргыз тили сабагы учурунда окуучуну урганы үчүн кечирим сураган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















