Газаны башкаруу боюнча Палестинанын улуттук комитети Каирде ишин баштады
Египеттин Каир шаарында Газа тилкесин башкаруу боюнча Палестинанын улуттук комитетинин биринчи жыйыны башталганын чет элдик басылмалар жазышты.
Комитет муктаж болгондорго жардам уюштурат жана анклавда согуштан кийинки калыбына келтирүүнү пландаштырат. Комитет БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп жетектеген Тынчтык кеңешинин көзөмөлү астында Газа тилкесин башкарат.
Комитетти Палестинанын улуттук бийлигинин мурдагы вице-премьер-министри Али Шаат жетектейт, ал мурда Палестина анклавындагы өнөр жай зоналарын өнүктүрүү үчүн жооптуу болгон.
Мунун алдын Трамп Газа тилкесин кайра курууга жетекчилик кыла турган Тынчтык кеңешинин түзүлгөнүн жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















