Эмгек сиңирген машыктыруучу наамы кимдерге тапшырылды?
Көркөм гимнастика боюнча машыктыруучуларга "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамы тапшырылды.Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, бүгүн, 16-январда агенттиктин директору Казыбек Молдажиев Ардак наамды көркөм гимнастиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жогорку жетишкендиктери үчүн Гүлнара Мамыркулова, Жаңыл Каймазарова жана Сабина Ибраимовага тапшырды.
"Казыбек Молдажиев машыктыруучуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алардын тарбиялануучулары эл аралык аренада өлкөнүн намысын татыктуу коргоп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал талыкпаган эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда өтө турган көркөм гимнастика боюнча Азия чемпиондугуна даярдык иштерине ийгилик каалады", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















