Газаны башкара тургандардын курамы жарыяланды
АКШ Газа тилкесин башкаруу боюнча Улуттук комитеттин түзүлгөнүн жана Тынчтык кеңешинин курамын жарыялады.
Улуттук комитетти мурда Палестина улуттук администрациясында жогорку кызматтарды ээлеген Али Шаас жетектейт. Ал маанилүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүгө, жарандык институттарды кайра жандандырууга жана Газадагы күнүмдүк жашоону турукташтырууга көзөмөл жүргүзөт.
"Тынчтык кеңешинин көз карашын ишке ашыруу үчүн АКШнын президенти Дональд Трамп жетектеген аткаруу кеңеши түзүлдү, анын курамына дипломатия, өнүгүү, инфраструктура жана экономикалык стратегия жаатында тажрыйбасы бар лидерлер кирет", - деп айтылат билдирүүдө.
Аларга төмөнкүлөр кирет:
- АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио;
- АКШнын президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф;
- Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер;
- Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр;
- Америкалык миллиардер Марк Роуэн;
- Дүйнөлүк банктын президенти Аджай Банга;
- АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Роберт Габриэль.
Аткаруу кеңешинин ар бир мүчөсү Газанын турукташуусу жана узак мөөнөттүү ийгилиги үчүн белгилүү бир багытты, анын ичинде башкаруу мүмкүнчүлүгүн чыңдоо, аймактык мамилелер, кайра куруу, инвестицияларды тартуу, ири масштабдуу каржылоо жана капиталды мобилизациялоо сыяктуу маселелерди көзөмөлдөйт.
АКШнын Федералдык сатып алуу кызматынын комиссары Жош Груенбаум Тынчтык кеңешинин улук кеңешчиси болуп дайындалса, Болгариялык дипломат Николай Младенов Тынчтык кеңеши менен Улуттук комитетинин ортосундагы байланыштыруучу болуп кызмат кылат.
Газа Тынчтык кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирген:
- Стив Уиткофф;
- Жаред Кушнер;
- Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан;
- Катардын улук дипломаты Али Аль-Тавади;
- Тони Блэр;
- миллиардер Марк Роуан;
- БАЭнин эл аралык кызматташтык боюнча министри Рим Аль-Хашими;
- Николай Младенов;
- Ишкер Якир Габай;
- Нидерланддын мурдагы вице-премьер-министри Сигрид Кааг.
Айта кетсек, Трамп кечээ Газадагы Тынчтык кеңешин түзгөнүн жарыялаган.
2025-жылдын 9-октябрынын түнүндө АКШнын президенти Израил жана ХАМАС бийликтери Вашингтондун Газа жаңжалын чечүү боюнча сунушталган планынын биринчи этабына макул болгонун жарыялаган. Палестиналык туткундардын ордуна израилдик барымтадагыларды бошотуу жана израилдик аскерлердин жарым-жартылай чыгарылышы пландын биринчи этабын түзгөн.
Экинчи этап Газаны согуштан кийинки башкарууга жана бул үчүн зарыл болгон механизмдерди түзүүгө тиешелүү.
Өткөн жылы ноябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын планын колдогон жана анын экинчи этабын алдыга жылдырган резолюция кабыл алган, анда ХАМАСты куралсыздандыруу жана израилдик аскерлерди Газа тилкесинен чыгаруу талап кылынган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















