Франциянын биринчи айымынын диджейлик кылып, бийлеген видеосу тарады
Интернет желесинде Франциянын биринчи айымы Брижит Макрондун диджейлик кылып, бийлеп жаткандагы видеосу тароодо.
Окуя 3 күн мурун, тагыраагы, 14-январда Disneyland Paris паркындагы кайрымдуулук иш-чарасында болгону айтылууда. Иш-чара ооруканаларда дарыланып жаткан балдар үчүн каражат чогултуучу жыл сайын өтүүчү Pièces Jaunes (Сары тыйындар) өнөктүгүнүн бир бөлүгү болгон. Кечеге 300гө жакын бала жана алардын үй-бүлөлөрү катышкан.
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жубайы дүйнөдөгү чуулгандуу окуяларды жараткан биринчи айымдардын бири. Өткөн жылдын май айындагы анын окуясы эң катуу талкуу жараткан. Анда ал учактан түшөр алдында күйөөсүн бетке чаап жиберген.
Ал Макронду Улуу Британияга барганда дагы ыңгайсыз абалда калтырган. Анда өлкө башчысы учактан түшүп келе жаткан Брижитке сунган колу жоопсуз калган болчу. Интернет желесинде Брижит Макрондун Улуу Британияда Эммануэль Макронго кош көңүл мамиле кылган учурдун дагы видеосу тарап, талкуу жараткан. Daily Mail басылмасы президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактарына таянып, Брижит Макрондун маанайсыздыгына анын эжесинин каза болгону себеп экенин жазып чыккан.
Ошондой эле Франциянын биринчи айымынын айланасында мурда эркек болгон деген кептер айтылып келет.
Франциянын биринчи айымынын диджейлик кылып, бийлеген видеосу тарады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















