Венесуэла АКШнын аскердик операциясында каза болгондордун санын ачыктады
Венесуэланын коргоо министри Владимир Падрино Лопес АКШнын аскердик операциясында 83 адам, анын ичинде кеминде 47 аскер кызматкери каза болгонун билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Билгениңиздей, биз менен бирге болгон 32 кубалык жолдош каза болгон 83 адамдын арасында болгон. Ал эми биз 112ден ашык жарадар болгон адамга жардам көрсөттүк", - деген ал.
Айта кетсек, 3-январда АКШ Венесуэланын аймагына ири масштабдагы сокку урган. Операциянын жүрүшүндө өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, кийин Нью-Йоркко жеткирилген. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Мадуро менен Флорес сот жообуна тартыларын билдирип, аларды баңгитерроризмине катыштыгы бар жана АКШга да коркунуч жараткан деп айыптаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















