super.kg logo

Рамзан Кадыровдун уулу Москвадагы ооруканага жеткирилгени айтылууда

 

Чеченстан лидери Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыров жол кырсыгына кабылгандан кийин Москвадагы ооруканага учак менен жеткирилген. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Орусиянын борборуна атасынын учагы да конгону божомолдонууда. Адам Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ан-148-100-EM учагы менен Чеченстандан Москва жеткирилип, Внуково аэропортуна конгон.

Медициналык учактын артынан RusJet компаниясынын RA-73417 борттук номери бар Airbus учагы Москвага келген. Бул Рамзан Кадыров акыркы жылдары БАЭге учуу үчүн үзгүлтүксүз колдонуп келген учак экени белгиленүүдө.

Аэропорттон Адам Кадыров тик учак менен Москвадагы Боткин ооруканасына жеткирилген.

18 жаштагы Адамдын кортежи кечээ, 16-январь кечинде жол кырсыгына кабылганы кабарланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: