super.kg logo

АКШ Газадагы тажрыйбасына таянып, Украина үчүн Тынчтык кеңешин түзүүнү сунуштоодо

 

АКШ Газа тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруудагы тажрыйбасына таянып, Украина үчүн Тынчтык кеңешин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Financial Times булактарга шилтеме кылып жазып чыкты.

"Талкууларга тааныш адамдардын айтымында, АКШнын расмий өкүлдөрү АКШнын президенти Дональд Трамп төрагалык кылган Газа Тынчтык кеңешинин тажрыйбасын Украина жана Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдө кеңейтүүнү карап жатышат", - деп жазат басылма.

Басылма булактарынын маалыматы боюнча, Тынчтык кеңешине АКШ, Орусия, НАТО жана Украинанын өкүлдөрү кирет жана 20 пункттан турган тынчтык планынын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт. Алар бул органдын ишинин көлөмүн кеңейтүү жөнүндө сөз жок экенин жана бул түзүм Украина үчүн тынчтык планын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бура турганын белгилешти.

FT маалыматында Ак үй ошондой эле Венесуэла үчүн Тынчтык кеңешин түзүүнү карап жатканы белгиленет. Бирок, басылманын маалыматы боюнча, Жакынкы Чыгыш азыркы Трамп көзөмөлдөгөн Газа Тынчтык кеңешинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча сунуштардан тынчсызданууда. "Аймак бул идеядан кооптонуп жатат. Бул кадимки процедура эмес", - деген бир араб өлкөсүнүн дипломаты.

Белгилей кетсек, АКШ Газа тилкесин башкаруу боюнча Улуттук комитеттин түзүлгөнүн жана Тынчтык кеңешинин курамын жарыялады.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: