Бишкекте сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө аракет кылган делип 22 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 22 жаштагы жигит кармалды. Маалыматты Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 15-январда болгон. Анда шектүү жабырлануучу кызды Жумабек көчөсүнөн күч колдонуп, унаага салып, белгисиз тарапка алып барып, ал жерден өлтүрүүгө аракет кылган. Кыз ошол эле күнү милицияга арыз менен кайрылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Колго түшкөн шектүү жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Айрым жергиликтүү басылмалар маалымат булактарына шилтеме жасап, алар кыз-жигит болушканын, уруша кетишкендиктен жигит аны өлтүрүүгө аракет жасаганын, бирок кыз качып кутулганын жазышты. Шектүү өз жанын кыюуга аракет кылып жатканда кармалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















