super.kg logo

Муунтуп... Жигитинин үстүнөн арыз жазган кыз окуяны видеого тартып алган

 

Жигити тарабынан кол салуу болгонун айтып, милицияга арыз жазган кыз окуяны видео тартып алган. Бишкектин Свердлов райондук милициясы видеону жарыялады. Анда жигит кызды муунтуп жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин райондук милиция окуя 15-январда болгонун, анда шектүү жабырлануучуну Жумабек көчөсүнөн күч колдонуп, унаага салып, белгисиз тарапка алып барып, ал жерден өлтүрүүгө аракет кылганын билдирген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Колго түшкөн шектүү жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айрым жергиликтүү басылмалар маалымат булактарына шилтеме жасап, алар кыз-жигит болушканын, уруша кетишкендиктен жигит аны өлтүрүүгө аракет жасаганын, бирок кыз качып кутулганын жазышты. Шектүү өз жанын кыюуга аракет кылып жатканда кармалган.






Муунтуп... Жигитинин үстүнөн арыз жазган кыз окуяны видеого тартып алган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: