"Манас" аэропортуна барчу альтернативдүү унаа жолун куруу пландалууда
"Манас" эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жол 4 тилкелүү болуп, жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрөт.
"Мындан тышкары Чүйдүн Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда. Белгилей кетсек, аталган долбоор унаа тыгынын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана инфраструктураны жакшыртууга багытталып, аймактар аралык байланыштарды жеңилдетмекчи", - деп кошумчаланат маалыматта.
"Манас" аэропортуна алып барчу альтернативдүү унаа жолун куруу пландалууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















