Рамзан Кадыров жол кырсыгына кабылды делген уулунун видеосун жарыялады
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров уулу Адамдын кырсыкка кабылгандыгы тууралуу кабарлардан кийин анын видеосун жарыялады. Анда ал күч түзүмдөрүнүн командирлери менен жыйын өткөргөнүн көрүүгө болот.
"Кавказ.Реалии" сайты видео 15-январда Адам Кадыровдун кырсыгынан бир күн мурун тартылганын, ал жолугушуудан тартылган кадрларды Чеченстандын лидеринин өнөктөштөрү ошол эле күнү жарыялашканын жазды.
16-январда Чеченстандын лидеринин уулу жол кырсыгына кабылганы кабарланган. 18 жаштагы Адам Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ан-148-100-EM учагы менен Чеченстандан Москвага жеткирилгени да айтылган.
Чечен бийлиги бул боюнча маалымат бере элек.
Рамзан Кадыров уулунун видеосун жарыялады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















