Британиянын премьер-министри Трамптын Европага жарыялаган тарифин сынга алды
АКШнын президенти Дональд Трамптын 1-февралдан баштап бир катар европалык өлкөлөргө тарифтерди киргизүү планы ката. Бул тууралуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер билдирди.
"Бул таптакыр туура эмес", - деп британиялык басылмалар анын сөзүн келтиришти. Стармер ошондой эле АКШнын Гренландиянын келечегине кандайдыр бир чечимдерди таңуулоо аракеттерине каршы чыккан.
"Гренландия боюнча биздин позициябыз абдан ачык, ал Даниянын бир бөлүгү. Гренландиянын келечегин гренландиялыктар менен даниялыктар гана чече турган маселе", - деген ал.
Ошол эле учурда премьер-министр НАТО Арктикадагы коопсуздукту камсыз кылууга көбүрөөк көңүл бурушу керектигин белгилеген.
Буга чейин Трамп Гренландиядагы кырдаалга байланыштуу февраль айынан баштап бир катар Европа өлкөлөрүнө тарифтерди киргизерин жарыялаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















