super.kg logo

"Аалам Строй" курулуш компаниясына 3 миллион сом айып пул салынды

 
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги бир катар курулуш объектилерин текшерди.
Курулуш министрлиги билдиргендей, текшерүүдө "Аалам Строй" компаниясына таандык Анкара көчөсү, 3а дарегиндеги турак жай комплексинин 10дон ашык блогунун ар биринде бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эржелери бузулгандыгы аныкталган. Ошондой эле аталган компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораториялардан өткөргөндүгү белгилүү болгон. Мындан сырткары курулуш объектисиндеги блоктордун мыйзамсыз үлүш ээлерине пайдаланууга берилгендиги такталган.
"Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "Аалам Строй" ЖЧКсына карата комплекстин 10дон ашык блогунун ар бири боюнча айып пулдар салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 3 миллион сомду түздү.
Ошондой эле курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат. Мындан сырткары министр объектидеги курулуштун сапатын Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториясынан өткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми лабораториянын жыйынтыгы боюнча өзүнчө чаралар көрүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгында министр Нурдан Орунтаев министрликке караштуу мекемелердин жооптуу кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.





"Аалам Строй" курулуш компаниясына 3 миллион сом айып пул салынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: