super.kg logo

Кыргызстандыктарды Түркияда акысыз дарылатуу ишин улантуу макулдашылды

 

Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде кыргызстандыктарды Түркияга акысыз дарыланууга жөнөтүү механизмдери, медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, кадрдык потенциалды чыңдоо жана фармацевтикалык кызматташтык талкууланган.

"Биз кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, айрыкча жарандарды акысыз дарыланууга жөнөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү маселелерине кызыкдарбыз", - деген Досмамбетов.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар кыргызстандыктарды Түркияга дарыланууга жөнөтүү боюнча иштерди активдештирүүнү макулдашышкан. Жыл сайын берилүүчү 150 акысыз квотанын натыйжалуу пайдаланылышы камсыздалат, анын ичинен 100 квота Түркиянын өлкөдөгү элчилиги аркылуу, 50 квота Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: