super.kg logo

Ысык-Көлдө 22 жаштагы кыздын кайрылуусу боюнча териштирүү башталды

 
Ысык-Көл облустук милициясы социалдык тармактарга тараган 22 жаштагы кыздын кайрылуусу боюнча териштирүү башталганын билдирди.
Облустук милиция ал кыз былтыр 30-январда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө таанышы тарабынан эркине каршы жыныстык зомбулукка кабылганын айтып, арыз менен кайрылганын белгиледи. Ошол учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү катары Ак-Суу районунун 30 жаштагы жараны аныкталган.
Бирок кийинчерээк арыздануучу бир нече жолу ички иштер органдарына кайрылып, мурда берген арызынан баш тарткан. Соттук-медициналык экспертизада дагы зордуктоо фактысын тастыктаган белгилер аныкталган эмес. Алгач кабыл алынган чечим прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, материалдар кошумча текшерүү үчүн кайра жөнөтүлгөн. Бирок тараптардын өз ара макулдашуусун эске алуу менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
"Учурда интернет желесинде тараган видео кайрылууга байланыштуу материалдар кайрадан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: