Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт
19-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 65-110-чакырымдарында, Каракол - Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















