Хоккей боюнча дүйнө чемпиондугун Кыргызстандын курамасы жеңиш менен баштады
Кечээ, 18-январда Бишкек шаарында 20 жашка чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, турнирде Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг курама командалары күч сынашат. Оюндун алгачкы күнү Кыргызстандын курамасы Кытайдын Гонконг шаарынан келген команданы 4:1 эсебинде утуп, турнирди жеңиш менен баштады.
Хоккей боюнча U20 дүйнө чемпиондугу 24-январга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















