super.kg logo

Белгилүү "Падыша Арстан" мультфильминин режиссёрлорунун бири Аллерс каза болду

 

"Walt Disney" кинокомпаниясынын 1994-жылы тартылган "Падыша Арстан" ("Король Лев" ) мультфильминин режиссёрлорунун бири Роджер Аллерс 76 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Досубуздун ааламдан өткөнүн угуп, аябай кайгырып турам. Биз электрондук почта аркылуу өткөн аптада, ал Египетте саякаттап жүргөндө байланышканбыз. Роджер өзгөчө таланттуу режиссёр эле",- деп жазган кесиптеши, режиссёр Дэйв Боссерт.

Америкалык кинорежиссёр, сценрист Аллерс режиссёр, аниматор Роб Минкофф менен бирге 1994-жылы "Падыша Арстан" тасмасын тарткан. Ал "Диснейдин" анимациялык чыгармачылыгындагы эң мыкты тасмалардын бири катары таанылган. "Падыша Арстан" дүйнөлүк сатыкта 771 миң доллар киреше жыйнаган.

Аллерс ошондой эле "Аладдин", "Суу периси" ("Русалочка"), "Сулуу бийкеч жана түрү суук" ("Красавица и чудовище") "Мергенчилик мезгили" ("Сезон охоты"), "Оливер жана компания" ("Оливер и компания") жана башка ири долбоорлорго катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: