АКШ Европанын 8 өлкөсүнө 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизүүнү пландоодо
АКШ президенти Дональд Трамп 1-февралдан тарта Улуу Британия, Германия, Дания, Нидерланды, Норвегия, Финляндия, Франция жана Швециядан АКШга киргизилген товарларга 10 пайыздык бажы төлөмү салынарын жарыялады. Анын айтымында, бул төлөмдөр АКШга Гренландияны өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлгөнгө чейин күчүндө болот. Эгер 1-июнга чейин макулдашуу болбосо, бажы төлөмү 25 пайызга чейин жогорулай тургандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга жооп катары аталган сегиз өлкө биргелешкен билдирүү жасап, Гренландия жана Дания менен толук тилектеш экенин билдиришти. Алар бажы төлөмдөрү боюнча коркутуулар трансатлантикалык мамилелерге доо кетирерин жана мындай кысымга баш ийбей турганын белгилешти.
Европа лидерлери Арктика аймагындагы коопсуздук НАТО үчүн жалпы жоопкерчилик экенин айтып, АКШнын мындай кадамын туура эмес деп баалашты. Ошондой эле Гренландия жана Данияда АКШнын аралды басып алуу планына каршы нааразычылык акциялары өткөнү маалымдалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















