Испанияда эки поезд кагылышып, 21 адам каза болду
Испанияда эки жогорку ылдамдыктагы поезд сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 21 адам каза болду. 100гө жакын адам жаракат алганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, жаракат алгандардын 30унун абалы оор. Каргашалуу окуя 18-январь күнү кечинде Кордова провинциясында болгон. Малагадан Мадридге бара жаткан Iryo компаниясынын поезди рельстен чыгып, каршы багытта келе жаткан поезд менен кагылышкан. Поезддерде жалпы 400дөй жүргүнчү болгон. Окуянын себеби азырынча белгисиз.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес кырдаалды жеке көзөмөлдөп жатканын билдирсе, падышалык үй-бүлө каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Куткаруучулар окуя болгон жерде ишин улантып, тирүү калгандарды издеп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















