super.kg logo
  Саясат  

№13 округда жети жаран шайлоого катышуу ниетин билдирди

 

Бүгүнкү күнгө карата жети жаран №13 округдагы кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Тизме:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович - "Кыргызстан" топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович - убактылуу иштебейт
  • Асанов Уланбек Жалалович - "Эмитент виртуальных активов" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы
  • Асамудинов Бактыбек Асанович - Кыргыз Республикасынын адвокатурасы
  • Калматов Токторали Калдарович - жеке ишкер
  • Чолпонов Уланычбек Калдарбекович - Базар-Коргон РЭСнин жетекчиси
  • Матсаков Кадырбек Мусаевич - жеке адвокат

Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоо талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.

№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: