Орусиядан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 11 тонна колбаса артка кайтарылды
Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 тонна колбаса азыктары артка кайтарылды. Бул тууралуу 19-январда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 миң 720 килограмм колбаса азыктары аныкталып, артка кайтарылды. Текшерүү чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп, Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы белгилүү болду.
Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада жүк кайра Орусияга жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















