super.kg logo

Тажикстан Ооганстан менен чектеш жерде төрт согушкерди жок кылганын билдирди

 

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек арачылары 18-январда террористтик уюмдун төрт мүчөсүн Ооганстан тараптан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганда жок кылган. Окуя Шамсиддин Шохин районундагы өткөрмө жайда болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.

Согушкерлер чек арачылардын тапшырмасын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөтүшкөн, натыйжада баары жок кылынды. Тажик чек арачыларынын арасында жоготуулар тууралуу маалымат берилген жок. Окуя болгон жерде террорчуларга таандык делген курал-жарактар, 3 телефон, рация жана кайык табылган. Бул окуялар боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда чек арадагы абал көзөмөлдө жана өлкөнүн атайын кызматы коопсуздукту камсыздоо үчүн бардык күчтөрдү колдонууга даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: