Эрулан Кокулов Кыргыз тасмаларындагы жарнамалар боюнча Маданият министрлигин жарга такады (видео)
Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Маданият министрлигине караштуу Кинемотография агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча жыйын өттү.
Депутат Эрулан Кокулов тасмалдарда спирт ичимдиктери, тамекилерди жарнамалоо кенен жайылып жатканын айтып, Маданият министрлигин жарга такады.
"Кыргызстандын келечектеги ден соолугу мага эле керекпи? Силерге эмне деп айтышты билбей калдым. Сүйрөп барып, соттошолубу? Сот чечсин анда. Келесиңер, жомокторуңарды айтып бересиңер. Анын эмне кереги бар? Өнүгүп, өсүп жатабыз дейсиңер. Кинотеатрдагы тасмаларыңарда болсо каармандар тамекинин атын атап, жарнамасы кетип жатат. Бул жерде 5 зыңкыйган кыргыздын жигиттери жүрөсүңөр. Кантип буга жол бердиңер? Бүгүнкү күндө Кыргызстанда болуп жаткан нерсе, келечегибиздин, улуттун ден соолугу. Мыйзам жол бербейт андай жарнамаларга. Эмнеге мен, менин балдарым кинотеатрда ошондой кино көрүп жатат?",- деди депутат.
Эл өкүлү бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келе жатканын айтып, министрликке катуу талаптарын койду. Эгерде дагы мындай көрүнүшкө жол берилсе, сотко чейин бара тургандыгын маданият министринин орун басары Марат Тагаевге эскертти.
Жыйында Кинемотография агенттигинин жетекчиси өзү жана көпчүлүк кызмат адамдары жаңы дайындалгандыгын айтып депутатты жоошутууга аракет кылганы менен майнап чыккан жок.
Ал эми агенттиктин алдындагы кинолордун көрсөтүүсүнө уруксат берген Кыргыз тасмасы бөлүмү жоюлуп, жаңы токтом кабыл алынуу алдында экендиги маалымдалды.
Кино жаатындагы мыйзам 2001-жылы, мындан 25 жыл мурун гана кабыл алынган жана өзгөртүлгөн эмес. Учурда министрлик анын үстүндө иш алып барууда.
Эрулан Кокулов кинолордогу жарнамалар боюнча Маданият министрлигин жарга такады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















