2025-жылы Кытайдын калкынын саны 3 миллионго кыскарды
2025-жылдын жыйынтыгында Кытайдын калкынын саны 3 миллион 390 миң адамга кыскарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришүүдө.
Кытайдын Мамлекеттик статистика башкармалыгынын маалыматына ылайык, жаш курак боюнча бөлүштүрүүдө 16-59 жаштагылар 851 миллион 360 миң адамды же жалпы калктын 60,6 пайызын түздү. 60 жаштан жогору адамдардын саны 323 миллион 380 миң, жалпы калктын 23 пайызы. Алардын ичинен 65 жаштан жогору 223 миллион 650 миң адам, калктын 15,9 пайызын түзөт.
The Financial Times басылмасы июль айында Кытайдагы бала бакчаларда тарбиялануучулардын саны төрт жыл ичинде 25 пайызга кыскарганын жазган. Төрөттүн кескин азайышынан улам, өлкө боюнча он миңдеген мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер жабылган. Басылма муну өлкөдөгү демографиялык төмөндөөгө байланыштуу бизнес жана саясат үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн белгиси катары баалаган.
Мунун бир себеби 1970-2015-жылдары "бир үй-бүлө - бир бала" саясаты колдонулуп келген. Анын алкагында шаарларда үй-бүлөлөргө бирден бала, ал эми айылдарда биринчи бала кыз болсо эки бала төрөөгө уруксат берилген.
Мындан тышкары, Кытайда никеге тургандардын саны да акырындык менен азаюуда. Мисалы, 2022-жылы өлкөдө 6 миллион 800 миң нике катталган, бул акыркы 37 жылдын ичиндеги эң төмөн көрсөткүч болуп эсептелет.
2013-жылы Кытай бийлиги чектөөлөрдү жумшартып, ата-энесинин бири жалгыз бала болсо экинчи баланы төрөөгө уруксат берген. Ал эми 2016-жылы бардык үй-бүлөлөргө уруксат берилген. 2021-жылдын жайында Кытай бийлиги үчүнчү баланы төрөөгө уруксат берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















