Кыргызстандагы орус чыгаандарынын аты берилген чокулар
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан дүйнөгө кооз табияты менен гана эмес, асман тиреген атактуу чокулары аркылуу да таанымал. Мисалы, Хан Теңир, Жеңиш, Каракол жана башкалар. Арасында адам аттарын алып жүргөн чокулар дагы кездешет. Макалада орус инсандарынын ысымы ыйгарылган чокуларды тизмектейбиз.
Ленин чокусу
Кыргызстандын коңшулаш Тажикстан менен чектеш аймагында атактуу Ленин чокусу жайгашкан. Тагыраагы, Ош облусунун Чоң-Алай тоо кыркаларында жайгашып, деңиз деңгээлинен бийиктиги 7134 метрди түзөт. Кыргызстанда бийиктиги жагынан экинчи, КМШ аймагында үчүнчү орунду ээлейт. Мурда чоку Туркестандын алгачкы генерал-губернаторунун урматына Константин Кауфман чокусу деп аталып, 1928-жылы Лениндин ысымы ыйгарылганы белгилүү. Азыркы учурда альпинисттер арасында популярдуу болгон Ленин чокусуна чыгуучу 16 маршрут бар. Көптөгөн альпинисттер бул чокуну тажрыйба топтоо үчүн пайдаланышат.
Аталган чокуга чыгуу альпинисттерге укмуш адреналин гана эмес, чоң тобокелчилик да тартуулай турганын айта кетели. Мисалы, 2024-жылы жайында орусиялык альпинист Евгений Банников чокуга чыгып баратып каза тапты. 2022-жылы да орусиялык бир альпинист – Георгий Веселовский каза болгон. Мындай окуялар көп. Ал эми Кыргыз айымдарынан биринчи болуп Эверестти багындырган Асел Байбагышева биз сөз кылып жаткан Ленин чокусун 4 жолу багындырган.

Путин чокусу
Орусиянын президенти Владимир Путиндин ысымы 2011-жылы Кыргызстандагы чокулардын бирине ыйгарылган. Чоку Чүй облусунун аймагында, Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Тарыхына токтолсок, 2010-жылы Чүй облусунун Москва райондук кеңеши бийиктиги 4446 метрди түзгөн аты жок чокулардын бирине Путиндин атын ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыгып, сунушту Кыргыз өкмөтү колдоого алган. Андан соң Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзамды кабыл алып, Кыргыздын аң мөңгүлүү чокусуна орусиялык лидердин ысымы расмий ыйгарылган.

Семёнов чокусу
Семёнов чокусу Ысык-Көл облусунун Казакстан менен чектеш аймагында, Сары-Жаз кырка тоосунда жайгашкан. Бийиктиги 5816 метр. Чокунун аталышы Борбордук Тянь-Шанды изилдеген белгилүү окумуштуу Пётр Семёновдун (Тянь-Шанский) урматына коюлганы белгилүү. Айта кетүүчү жагдай, Чүйдүн Ала-Арча капчыгайында ушундай эле аталышта башка чоку бар, анын бийиктиги 4876 метрди түзөт.

Ельцин чокусу
2002-жылы Өгүз-Башы чокусунун аталышы өзгөртүлүп, ага Орусия Федерациясынын алгачкы президенти Борис Ельциндин ысымы ыйгарылган. Чоку Тескей Ала-Тоо тоо системинин борбордук бийик жери деп саналат жана бийиктиги жагынан Каракол, Жигит чокуларынан кийин, үчүнчү орунда турат. Аталган чокуга Ельциндин ысымын ыйгаруу идеясы Борис Ельцин жубайы экөө Соң-Көлгө сапар менен келген учурда жаралган деп айтылат.
Кыргызстан менен Ельциндин байланышы жөнүндө сөз кылсак, Борис Ельцин Кыргыз жерине 2 жолу келген. 1991-жылы Орусия президенти катары, 2002-жылы экс-президент катары келип Кыргыз даамын сызып кеткен.

Рацек чокусу
Аталган чоку да Тянь-Шань тоо кыркасында, Чүй облусунун аймагында жайгашкан. Бийиктиги 3901 метрди түзүп, ага Ала-Арча капчыгайы аркылуу көтөрүлүү керек. Альпинисттер арасында популярдуу, анткени машыгууга ыңгайлуу маршруттардын бири деп эсептелет. “Жетимиңдиктерди” багынтууну көздөгөн альпинисттер адегенде көбүнчө Рацек чокусуна чыгышат. Чокунун аталышы белгилүү советтик альпинист Владимир Рацектин ысымы менен байланыштуу.
Айта кетүүчү нерсе, бул чокуга чыгып бараткан жолдо “Рацек түнөгү” деген жер бар. Альпинисттик база катары кызмат кылат. 3300 метр бийиктиктеги бул түнөктө тоо сүйүүчүлөр баш калкалап, жуунуп, эч алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Чапаев чокусу
Хан Теңир чокусуна жакын Чапаев чокусу бар. Бийиктиги 6371 метр. Аталган чокуну алгачкы жолу 1937-жылы 20-августта Иван Тютюнников жетектеген алматылык альпинисттер тобу багындырган. Аты айтып тургандай, чоку атактуу советтик аскербашчы Василий Чапаевдин урматына аталган.

Горький чокусу
Бийиктиги 6050 метрди түзгөн Горький чокусуна альпинисттер алгачкы жолу 1962-жылы чыгышкан. Борбордук Тянь-Шань тоо кыркасында, Жеңиш массивинде жайгашкан чоку альпинисттер арасында популярдуу. Анткени ал жерден абдан кооз панорамалык көрүнүштү көрүүгө мүмкүн. Бирок тез-тез өзгөргөн аба ырайынан улам чокуга алып барчу жол абдан татаал деп саналат. Чокунун аталышы атактуу орус жазуучусу Максим Горькийдин ысымын алып жүрөт.

Петровский чокусу
Петровский чокусу Ленин чокусунан төмөнүрөөк жайгашып, ага чыгып-түшүүгө эң ылайыктуу мезгил деп июль, август жана сентябрь айлары эсептелет. Муз каптаган тилкелерди басып өтүп чокуга жетүүгө, албетте, мыкты даярдык талап кылынат, бирок базалык лагерлер жана аба ырайы анчалык роль ойнобойт дешет адистер. Анткени күн ачыкта бул чокуну бир күндө багынтууга мүмкүн. Бийиктиги 4910 метр.

Пржевальcкий чокусу
Пржевальcкий - Ысык-Көл облусунун Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан чоку. Бийиктиги 4273 метрди түзүп, белгилүү изилдөөчү Николай Пржевальcкийдин ысымын алып жүрөт. Өзүнүн уникалдуу маршруту жана керемет кооздугу менен тоо сүйүүчүлөр арасында белгилүү.

Түбөлүк ак кар, көк муз жамынган чокуларга тарыхый инсандардын ысымы жөн жерден эмес, жасаган эмгеги, өлкөлөр ортосундагы алаканы бекемдөөгө кошкон салымы үчүн же саясий жагдайлардан улам берилет. Бул сый-урматтын белгиси гана.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















