Трамп Токаевди Тынчтык кеңешине чакырды
АКШ президенти Дональд Трамп Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди Газа сектору боюнча Тынчтык кеңешине чакырды. Бул тууралуу Казакстан лидеринин маалымат катчысы Руслан Желдибай билдирди.
"Дональд Трамптан расмий чакыруу алган фактты жашыруу туура болбойт. Ооба, Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк лидерлердин арасынан биринчи болуп расмий чакыруу алды жана Казакстанды негиздөөчү мамлекеттердин бири болууга чакырды. Президент АКШга ыраазычылык билдирген кат жөнөтүп, жаңы уюмга кошулууга макулдугун тастыктады. Казакстан Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык орнотууга, мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык туруктуулукту камсыздоого салым кошууну көздөйт",- деди Желдибай.
Трамп 16-январда Газа секторундагы Тынчтык кеңешин түзүүнү жарыялаган. Бул уюмду түзүү президенттин Газа үчүн тынчтык планында, эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу менен бирге каралган.
Ошол эле күнү Ак үй кеңештин аткаруу комитетинин курамын жарыялаган. Ага АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Трамптын атайын элчиси Стив Уиткофф, президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер жана Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр кирет.
Bloomberg жазгандай, Трамптын администрациясы кеңеште туруктуу орун алгысы келген өлкөлөрдөн кеминде 1 миллиард доллар салууну сураган. Уюмдун уставы боюнча биринчи төрага Трамп болот, ал кимди кабыл алуу жана чечимдерди бекитүү же четке кагуу укугуна ээ.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















