super.kg logo

УКМК ырайымсыз мамилеси үчүн реабилитациялык борбордун кызматкерлерин кармады (видео)

 

Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан "Путь в жизнь" реабилитациялык борборунун бир нече кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, мурда өздөрү дарылануудан өткөн, жогорку медициналык билими жок, реабилитациялык борбордун кызматкерлери жетекчинин көрсөтмөлөрү боюнча жасалма психиатриялык процедураларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ошондой эле бейтаптардын психикалык абалы өтө оор болуп жаткан учурда бекиткичтери бар керебеттерди, дубинка, кыйноочу аспаптардын түрлөрүн, электрошокер, оозун жабуучу каражаттарды колдонушкан.

Мындан тышкары, баш ийбеген бейтаптарды караңгылатылган бөлмөгө камап, 7-8 күн даараткана жана жеке гигиена каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышкан.

Борбор бир бейтаптан ай сайын 80 миң сом төлөм алып, бирок дарылоо ыкмалары жөнүндө маалыматты эч кимге берген эмес. Мындан тышкары, жугуштуу оорулары бар бейтаптарды бөлбөй, жалпы шартта жайгаштырып, тарап кетүү коркунучунун алдын алган эмес.

УКМК жогоруда аталган мыйзамсыз иш аракеттердин негизинде И.Р., М.Ж., Е.А., М.И., М.В., Т.Ч., К.К. жана Х.С. аттуу жарандарды кармады. Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.

Борбордон жабыркагандар УКМКнын Чүй облусундагы бөлүмүнө кайрылышса болот. Байланыш үчүн телефон: 0312530301.

Эскертүү: Видео сезимтал адамдарга сунушталбайт!






УКМК бейтаптарына ырайымсыз мамиле кылган реаблитациялык борбордун кызматкерлерин кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.01.2026. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча мыкаачылар булар, УКМК азаматсыңар канча деген бейтаптардын сообуна калдыңар өмүрүн сактап.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: