Нарында ата-энеси жок балага жер тилкеси берилди
Нарын шаарында ата-энесине жок балага турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу 19-январда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан Балдар жөнүндө кодекстин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 16 жаштагы, ата-энесинин камкордугунан ажыраган Ш.Р. аттуу бала мыйзамда каралган талаптарга ылайык, турак жай менен же болбосо турак жай куруу үчүн жер тилкеси менен кезексиз тартипте камсыздалбагандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча, шаардык прокуратура тарабынан баланын укуктарын коргоо максатында Нарын шаарынын мэринин наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, натыйжада аталган томолой жетим балага турак жай куруу үчүн 425 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















