super.kg logo
  Саясат  

"Укуктук баа бергиле". Жапыкеевдин Айтматов боюнча айткан сыны парламентте көтөрүлдү (видео) 

 

Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовдун подкастында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сынга алып, аларды "беш тыйындык окуялар" деп атаган эле.

Анын бул билдирүүсү бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңеште нааразычылык жаратты.

Депутат Гүлшаркан Култаева Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери комитетинин жыйынында Маданият министрлигин жазуучунун элесин коргоого чакырды.

"Руханий мурастын коргоочусу силерсиздер. Ошондой эле улуттук маданияттын коргоочусу да силерсиздер. Эмне үчүн кечээ улуу жазуучубуз, инсаныбыз (ред.: Чыңгыз Айтматов) туурасында социалдык тармактарда баалоо, талдоо болуп жатса унчукпай отурасыздар? Подкасттан биздин жараныбыз Сыймык Жапыкеев улуу инсаныбызга, маданий мурасыбызга баа берип жатат. Сиздер ошонун коргоочусу катары унчукпай отурасыздар. Мен сиздерден талап кылам. Юридикалык баа бериш керек",- деди депутат.

Ал эми маданият министринин орун басары Марат Тагаев министрлик бул жагдайга реакция кыларын айтты.






Жазуучу Чыңгыз Айтматовго Жапыкеев тарабынан айтылган сындар ЖКда көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: