Кыргызстан: Совет доорундагы айрым фактылар
Кыргызстан 70 жылдай СССРдин курамында туруп, башынан көп нерсе өткөрдү. Өлкөнүн саясий, социалдык, маданий турмушунда көп өзгөрүүлөр жана жаңылыктар болду. Алардын айрымдарына кыскача токтолобуз.

СССРге карай жол...
1917-жыл, Октябрь төңкөрүшү, советтик бийлик... 1924-жылы Кара Кыргыз автономдук облусу түзүлүп (РСФСРдин курамында), 1926-жылы Кыргыз АССРи болуп кайра түзүлөт. 1936-жылы СССРдин жаңы Конституциясы кабыл алынып, Кыргыз ССРи түзүлгөн. Советтик республика катары 90-жылдарга чейин тарыхын жазды Кыргызстан.
Улуу Ата Мекендик согуштагы салымы...
1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Кыргыздын 360 миңден ашык атуулу катышып, анын 160 миңдейи кан майданда каза тапкан. Башкача айтканда, Кыргызстан өлкөнүн ар бир төртүнчү жаранын согушка жөнөткөн. Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Дайыр Асанов, Иван Панфилов сыяктуу жүздөгөн баатырлардын тарыхта изи калды. Улуу жеңиш 15 республикадагы ушундай эр-азаматтардын салымы менен келгени талашсыз.

Согуштагы, андан кийинки экономика...
Согуш жылдарында Украина, Орусия жана Беларустун убактылуу ээленип турган аймактарынан Кыргызстанга 30дан ашык өнөр-жай ишканаларынан жабдуулар көчүрүлүп келген. Кыска мөөнөттүн ичинде фронт үчүн керектүү продукцияны ошол көчүрүлүп келген ишканалардын базасында чыгарып баштаган, жаңы ишканалар курулган. Мисалы, “Красный швейник” фабрикасы, Ош жибек комбинаты, Кант, Беловодск заводдору жана башкалар. Машинакурулушу, түстүү металлургия, көмүр өнөр-жайы, энергетика, айыр чарба, жеңил жана тамак-аш өнөр жай тармактары орчундуу түрдө өнүгүп баштаган. Курулган завод-фабрикалардын көбү дээрлик союз ураганга чейин ийгиликтүү иштеп, 90-жылдардагы оош-кыйыш учурда таланып-тонолуп кеткен.

Маданият жана билим берүү...
Совет доору Кыргыз маданиятын, искусствосун өнүктүрүүгө шарт түзүү менен катар көптөгөн таланттуу инсандарды дүйнөгө таанытты. Кыргыз театрын Болот Миңжылкиев, Кайыргүл Сартбаева, Бүбүсара Бейшеналиева, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу таланттар көрккө бөлөштү. Гапар Айтиев сүрөтчү, Тургунбай Сыдыков айкелчи катары СССРдин атын даңазалады. Музыка тармагында Карамолдо Орозов, Мураталы Күрөңкеев, Атай Огонбаев, Мукаш Абдраев сыяктуу таланттар ааламга жар салышты. Кино дүйнөсүнүн атагын Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев сыяктуу залкарлар чыгарды. Кыргызстандагы маданий, административдик имараттардын көбү Совет доорунда курулуп, бүгүнкү күнгө чейин кызмат кылып келүүдө. Ал эми адабиятта Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Баялинов сыяктуу ондогон дөө-шаалар из калтырды.

Союз кезиндеги саналуу гана ЖОЖдор бардык тармакта мыкты адистерди даярдап берген. Мисалы, бүгүнкү күндө илим жана билим берүүнүн, медицинанын көптөгөн чыгаандары СССРдин “продукциясы” экени талашсыз. Окуу жайлардын көбүнүн имараты да советтик доордун курулуштары.

Өндүрүш жана курулуш
1958-жылы Кадамжай сурьма комбинатынан өндүрүлгөн биринчи советтик металл сурьмасы Брюсселде дүйнөлүк көргөзмөгө коюлуп, дүйнөлүк сапаттын эталону деп таанылган. 1960-70-жылдары энергетика тармагында кескин реформалар орун алган. Мисалы, 1962-жылы өлкөдөгү эң ири Токтогул ГЭСинин курулушу башталып, 1974-жылы ишке киргизилген. Өлкөдөгү башка ГЭСтер, аэропорттор, тоннелдер, негизги Бишкек – Ош трассасы да ушул мезгилде курулган. 1990-жылдын аягында Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынып, өлкө 1991-жылы эгемендүүлүк алган.

кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















