Маданият министринин орун басары кино өндүрүшү боюнча маалымат берди (видео)
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында өлкөдө тартылып жаткан тасмалар тууралуу маалымат берди.
"Жеке кино өндүрүүчүлөр дагы чыгармачылык менен иштеп, жылына бизде 80ден 100гө чейин тасмалар чыгып жатат. Жакында эле дүйнөлүк рейтинг чыкты. Ага ылайык, өлкө калктын санына жараша эсептегенде ата мекендик тасмаларды өндүрүү боюнча алдыңкы бештикке кирди", - деди Тагаев.
Ошондой эле ал өлкөдө кино тармагына бөлүнгөн каражат көбөйүп жатканын кошумчалады. 2020-жылдары бул тармакка 100 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнсө, азыр 1 миллиардга жакын акча бөлүнөт.
Кино өндүрүшү боюнча Кыргызстан алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















