Өзбекстан АКШ менен виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Өзбекстан АКШ менен виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын АКШдагы элчиси Фуркат Сиддиков "Daryo" агенттигине билдирди.
Элчинин айтымында, калк үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө, бирок бул оңой процесс эмес.
"АКШга визасыз кирүү бул узакка созулган процесс. Ошого карабастан, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Албетте, визалык режимдин форматы жана аны киргизүү шарттары АКШ өкмөтүнүн ички саясатына жараша болот. Учурда биз АКШ менен гана эмес, Бразилия, Канада жана башка өлкөлөр менен да туруктуу негизде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандарыбыз үчүн визасыз режим мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө аракет кылып жатабыз", - деп билдирет элчи.
Мындан тышкары Фуркат Сиддиков 2026-жылдын январь айынын аягынан тартып АКШ жарандары үчүн Өзбекстанда 30 күнгө чейин визасыз режим киргизилерин билдирди. Бул чечим туристтердин агымын үч эсеге көбөйтөт деп күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ жарандарына 2026-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстанга визасыз кирүү укугу берилери маалымдалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















