super.kg logo
  Саясат  

Аманова мамлекет каржылаган тасмалардын пайдасы жеке адамдарга кетип жатканын айтты (видео)

 

"Кыргыз сериал" тарткан тасмалардын өндүрүшкө чыккандан кийинки пайдасы жеке жактарга берилип жатат. Мындан тынчсыздануусун бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин депутаты Санталат Аманова Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү акыркы үч жылда тартылган тасмалардын кеткен чыгымдары, андан көргөн пайдалар жана каражат кимдин эсебине түшүп жатканы тууралуу маалыматты берүүсүн Маданият министрлигинен талап кылды. Мындан тышкары, ал жакта продюсер пайда көрүп жатканын, кызыкчылыктардын кагылышуусу орун алгандыгын айтты.

"Эмне себептен мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчадан түшкөн киреше жеке чөнтөккө түшүшү керек? Каржы министрлиги эмнеге жыл сайын акча бөлө бериш керек. Чоң акча бөлүндүбү, элге жаккан кино тарттыңыздарбы, андан түшкөн пайданы кайра айландырыш керек да", - деди депутат.

Маданият министринин орун басары Марат Тагаев бул мүчүлүштүктү моюндап, "Кыргыз фильм", "Кыргыз сериал" тарткан тасмалардын пайдасы министрликтин көзөмөлүндө боло тургандыгын билдирди.






Депутат Аманова мамлекет каржылаган тасмалардын пайдасы жеке адамдарга кетип жатканын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: