super.kg logo

Испаниядагы поезд кырсыгынан 40ка жакын адам каза тапты

 

Кечээ, 18-январда Испаниянын түштүгүндө, Андалусия аймагында темир жол кырсыгы катталды.

Чет элдик басылмалар жазышкандай, Адамуз айылына жакын жерде Iryo компаниясынын Малагадан Мадридге бараткан жогорку ылдамдыктагы поезди түз жолдо рельстен каршы тилкеге чыгып кеткен. Ошол учурда Мадридден Уэльвуга бараткан Alvia компаниясынын поезди менен кагылышкан. Экинчи поездде болжол менен 100 адам бар болчу.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 40ка жакындады, 150дөн ашык адам жаракат алган, алардын ичинен ондогон киши оор абалда. Көпчүлүк жүргүнчүлөр Испаниянын жарандары.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес каза болгондорго көңүл айтып, өкмөт жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бардык күчтөрдү мобилизация кылганын билдирген. Өлкөдө кырсыктын курмандыктарына үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Кырсык Мадрид – Андалусия негизги темир жол каттамын убактылуу токтотууга алып келген. Iryo жана Renfe операторлору жүргүнчүлөргө жана каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүп жатышат.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жүргүнчү поезди катышкан темир жол кырсыгында каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары катталбаганын билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: