Өлкөдө өткөн жылы 8 миңге жакын жол кырсыгы катталды
2025-жылдын 12 айында өлкө аймагында 8 миңден ашуун унаа кырсыктары катталды. Бул тууралуу 19-январда ЖКККББнын жыл жыйынтыгын чыгаруу жыйынында маалым болду.
Маалым болгондой, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан, жол тилкесинде туура эмес манёвр жасагандыктан, жолдун карамӨткөа-каршы тилкесине чыгып озуп кеткендиктен, транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыктан, жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүктөн, жол белгилерине баш ийбегендиктен, аралыкты сактабагандыктан келип чыккан.
Ыкчам кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин ички иликтөө кызматынын башчысы Улан Бийбосунов, ЖКККББынын башчысы Азенбек Козукеев, облус, шаар, райондук ЖКККБнын жетекчилери катышты.
Жыйынтыгында кызматта кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырмасы коюлуп, бир катар кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















