Илон Маск ChatGPT’нин түзүүчүлөрүн сотко берди
Миллиардер Илон Маск OpenAI компаниясынын негиздөөчүлөрүнө каршы доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Маск компаниядагы үлүшү мыйзамсыз берилбей жаткандыгын, мурдагы инвестициялары жана компанияны өнүктүрүүгө кошкон салымы эске алынбаганын билдирүүдө. OpenAI айыптоолорду четке кагууда.
Масктын адвокаттары эсептегендей, ал компаниянын алгачкы жылдарында болжол менен 38 миллион доллар салым кошуп, байланыштары жана эксперттик билимин берген. Компаниянын учурдагы баасына жараша, Маскка 65,5-109,4 миллиард долларлык үлүш укугу бар деп эсептелүүдө. Андан тышкары, ал OpenAIнин негизги өнөктөшү Microsoft корпорациясынан дагы 13-25 миллиард доллар талап кылууда, себеби коммерциялык ЖИ-иштеп чыгууда негизги пайда Microsoft компаниясына тийген деп эсептейт.
Маск доосунда бул окуяны "алгачкы келишимдин одоно бузулушу" деп атап, OpenAI 2015-жылы "адамзат үчүн пайда" максатында түзүлгөн, азыр болсо чоң бизнес пайдасына иштеп жатат деп билдирди.
OpenAI болсо Маск өз убагында компанияны толук көзөмөлдөөнү каалаганын, Tesla менен бириктирүүнү сунуштаганын, 2018-жылы кеткенден кийин эми сот аркылуу өз ЖИ-стартапы xAI жана Grok чат-боту менен атаандаштыкты басаңдатууну көздөп жатканын билдирди. Сот учурда ишти жабуудан баш тартты, процесс апрелде башталары күтүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















