Күн бетиндеги күчтүү жарылуу жерге таасир этиши мүмкүн

Окумуштуулар Күндө эң жогорку Х класстагы жарылуу катталганын жана анын Жерге олуттуу таасир тийгизүү ыктымалдыгы абдан жогору экенин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, жарылуу ири плазма бөлүнүүлөрү менен коштолуп, жакынкы күндөрү күчтүү магниттик бороондорду жаратышы мүмкүн.
Жарылуу Күндүн Жерге караган дискинин борбордук бөлүгүндө катталган. Ал 18-январда Бишкек убактысы боюнча саат 00:09да эң жогорку чекке жеткен. Бул 2026-жылы катталган эң биринчи Х деңгээлиндеги жарылуу болуп саналат. Мындан күчтүү окуя акыркы жолу 2025-жылдын 14-ноябрында болгон.
Жарылуунун күчү X1.95 баллга жеткен. Адистердин айтымында, жарылуунун жайгашкан ордун эске алганда, анын Жерге таасир этүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Бул аймакта мурда, 8 жана 12-январда Күндүн арткы тарабында болгон күчтүү жарылуулар да ири плазма бөлүнүүлөрү менен коштолгон.
Окумуштуулар жарылуу өтө масштабдуу болгонун, ага Күндүн болжол менен жарым миллион чакырымды түзгөн борбордук бөлүгү тартылганын белгилешүүдө. Плазма агымы Жер тарапка болжол менен секундунда 2000 чакырым ылдамдыкта багыт алып, шейшемби күнү жетери күтүлүүдө. Күтүлүп жаткан магниттик бороондун деңгээли G3-G4 болушу мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















