super.kg logo

Маараке учурунда турак үйдүн полу урап, 20 адам жабыркады

 

Париж шаарынын тургунунун 60 жылдык мааракеси өзгөчө кырдаал менен аяктады. Майрамдык торт алып кирилген учурда эски үйдүн полу туруштук бере албай калып, болжол менен 50 адам ылдыйкы кабатка кулап түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.

Маалыматка ылайык, туулган күн Париждин борборунда, Бастилия аянтына жакын жайгашкан жети кабаттуу эски үйдө белгиленип жаткан. Окуя түн ортосуна жакын, конок бөлмөгө майрамдык торт алып келинген маалда болгон. Ал учурда бөлмөдө 50гө жакын адам бар эле. Натыйжада 20 конок жаракат алып, алардын бири жүрөгү токтоп, дарыгерлер аны кайрадан тирилтип алышкан.

"Тортту алып киришкенде пол капысынан урап кетти. Биз эч нерсе сезген жокпуз, бир көз ирмемде эле ылдыйкы кабатка түшүп калдык. Дүрбөлөңгө түшпөй, адамдар экинчи ирет урап кетпесин деп ордуларында куткаруучуларды күтүштү", - деп айтып берген коноктордун бири.

Окуя болгон жерге 130га жакын өрт өчүрүүчү, дарыгер жана полиция кызматкерлери тартылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, маараке учурундагы титирөөлөр себеп болушу мүмкүн: коноктор бийлеп-секирип, конструкция алсырап кеткен.

Үй жана ага жанаша жайгашкан имараттар убактылуу эвакуацияланган. Париж бийлиги мындан ары урап кетүү коркунучу жок экенин билдирип, коңшу батирлердин тургундары үйлөрүнө кайтып келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: