super.kg logo

Айдоочулук күбөлүктөр эмнеге сөзсүз алмаштырылууда? Президент түшүндүрмө берди

 

Акыркы күндөрү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бул боюнча президент Садыр Жапаров түшүндүрмө берип, чечимдин негизги себеби коопсуздук жана жасалма документтерге каршы күрөш экенин билдирди. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине берген маегинде айткан.

Анын айтымында, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр менен ID-паспорттордун коргоо элементтери алсыз болгондуктан, алар чет өлкөдө жасалмалап колдонулуп келген учурлар кездешкен. Айрым учурларда мындай документтер менен кылмышка жана терроризмге тиешеси бар адамдар да кармалган. Бул Кыргызстанды эл аралык деңгээлде терс жагынан көрсөтүп келген.

Ушул себептен улам бардык эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жаңысына толук алмаштыруу чечими кабыл алынган. Жаңы документтер жогорку деңгээлде корголгон жана жасалмалоого мүмкүн эмес. Мөөнөтсүз күбөлүктөр да сөзсүз алмаштырылышы керек, ал эми буга чейин талап кылынган медициналык маалымкат эми биринчи жолу күбөлүк алгандарга гана керек.

"Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу кызматтары күн сайын эртең мененки 8:30дан кечки 23:00гө чейин иштеп жатат. “Түндүк” порталындагы убактылуу мүчүлүштүктөр жарандардын көп санда киришинен улам болгон. Өкмөт платформаны жаңылоо үчүн кошумча каражат бөлүп, сервердик мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүүдө", - деген президент.

Президент жарандарды эски документтерин кечиктирбей алмаштырууга чакырып, келечекте кыргыз документтерине болгон ишеним толук калыбына келерин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: