Эрнис Кыязов: "УКМКнын түштүктөгү бөлүмү мени жөн эле сүйлөшүү үчүн чакырыптыр"





"УКМКнын түштүктөгү бөлүмү мени жөн эле сүйлөшүү үчүн чакырыптыр" деп журналист Эрнис Кыязов социалдык тармактардагы баракчасына жазды. Анда “Айтчуну айтышты. Түшүнүштүк. Урган жок. Тепкен жок. Кайра жумушума жеткирип коюшту”, - деп жазылат.
Ошондой эле Ош ТВнын директору Эрнис Кыязов бул жолугушуунун темасын “Абайлап жүрсөңчү... Ай бала!..” деп атаган.
Эске сала кетсек, 14-январь күнү Эрнис Кыязов өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына УКМКнын түштүктөгү башкармалыгы чакырып жатканын жазган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

